Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Баткен облусуБаткен району 13.05.2015 17:48

Баткен чек ара отрядынын «Карабак» чек ара заставасына жаңы кызматтык жай өткөрүлүп берилди (фото)

Turmush -  Баткен чек ара отрядынын «Карабак» чек ара заставасына жаңы кызматтык жайын өткөрүп берүү жана кабыл алуу боюнча бүгүн, 13-майда салтанаттуу азем болуп өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз бөлүмү билдирди.

Чек ара заставасында объекттердин курулушун «Бангизаттарга каршы күрөш жүргүзүү боюнча программанын» алкагында АКШ Борбордук колбашчылыгы акысыз негизде ишке ашырды.

«Карабак» чек ара заставасында кызматтык жана турак жай бөлмөлөрү курулуп, анын ичинде аскер кызматкерлери үчүн бардык шарттары каралган казарма да бар.

Жаңы объекттерди кабыл алуу иш-чарасына КР вице-премьер-министри А.Маматалиев, КР МЧК төрагасынын орун басары полковник А.Алимбаев, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышышты.

«Мамлекеттик чек араны коргоо жана кайтаруу боюнча чек арачылардын алдына коюлган тапшырмаларды сапаттуу аткаруу көбүн эсе кызматтык шарттан көз каранды. Жылдан жылга өлкөнүн жетекчилигинин жана эл аралык донорлордун колдоосу менен Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кызматтык шарттарды жана чек ара бөлүктөрүнүн инфраструктурасын жакшыртуу боюнча алгылыктуу кадамдарды жасап келүүдө», - деп КР Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары полковник Абдикарим Алимбаев өз сөзүндө белгилеп өттү.

Белгилей кетсек, өткөн жылы АКШнын Борбордук колбашчылыгы «Бангизаттарга каршы күрөш жүргүзүү боюнча программанын» алкагында чек ара ведомствосуна 9 жаңы объекттерди өткөрүп берген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×