Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
БаракелдеТалас району, Бишкек 13.05.2015 18:55

Видео, фото - Талас районундагы үйлөрдү, сарайларды жана чарбактарды каптаган сел

Turmush -  Талас районундагы Арал айылында кечээ, 12-майда болжол менен саат 17:30 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Кара-Коо жана Чанды сайларынан түшкөн сел суулары каналдан ашып, турак жайды, короо-сарайларды жана чарбактарды каптады.

ӨКМ маалымдагандай, алдын ала изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча 118 турак жай короо-сарай жана чарбактары менен изилденип, анын ичинен 71 турак жайды суу каптаган, 4 үй авариялык абалда деп табылды. Ошондой эле бир сарай кулап калды жана 10 жертөлөөгө суу толду.

Керектүү техникалар тартылып, жертөлөөдөгү суулар сордурулду жана каналдын 50 метр аралыгы бекемделип бүттү. Ашар жолу менен чарбактардагы сууларды тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Видео:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×