Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Нарын облусуАк-Талаа району 14.05.2015 10:11

Ак-Талаа районунда өспүрүмдөрдүн илимий техникалык, көркөм чыгармачылыгы боюнча жетишкендиктери, көйгөйлөрү талкууланды (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа райондук Балдар билим берүү борборунда «Аймактардагы өспүрүмдөрдүн илимий техникалык, көркөм өнөр чыгармачылыгын уюштуруудагы жетишкендиктер жана көйгөйлөр» аттуу аймактык тегерек үстөл болуп өткөндүгүн аймактык кабарчы маалымдады.

Аталган тегерек үстөлдө, интеллектуалдык менчик туурасында, кол өнөрчүлүк, таланттуу жана өнөрлүү балдарды колдоо, аларды ийгиликке жеткирүү жана башкалар туурасында узун сабак талкуу, суроо-жооптор жана презентациялар болуп өттү.

Иш-чарага акимдин орун басары Жылдыз Мамбетова, интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондусунун аткаруучу директору Сияпат Калкашева, Нарын облустук балдардын билим берүү борборунун директорунун орун басары Рыскүл Турдалиева жана башкалар катышты.

Тегерек үстөл эртең мененки саат 9:00дө башталып, кечки 16:00дө аяктады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×