Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Баракелде, Бишкек 14.05.2015 10:57

Фото - Талас шаарынын Көк-Ой айылында жазуусу бар таш табылды

Turmush -  Талас шаарынын Көк-Ой айылынан 20 чакырым алыстыктагы аймактан жазуусу бар таш табылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Таш тик бурчтуу формага ээ. Бийиктиги 7-8 метр, узундугу 14-15 метр. Ташта илгеркиче кайсы бир тилдеги сөз менен 20 сап жазуу жазылган. Жазуу араб тилине абдан окшошуп кетет, бирок алардын эрежесине ылайык эмес, солдон оңго жазылган.

Бул таш буга чейин кимдир бирөө тарабынан изилденген эмес. Бул таш тууралуу ага жакын Кашарда жашаган жергиликтүү тургундар гана билишет жана ага «Чийме таш» деген ат коюп коюшкан.

Алардын айтымдарында, бул таш 150-200 жылдан, мүмкүн андан ашык убакыттан бери келет жатат. Ал тууралуу чоң аталары айтып калышчу.

Белгилей кетсек, бул жерге унаа менен барууга мүмкүн эмес, жөө же ат менен барууга болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×