Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 14.05.2015 11:29

Ысык-Көлдүн Бактуу-Долоноту айылындагы «Жаңгак аллеясында» 200гө жакын жаңгак бар (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылындагы «Жаңгак аллеясы» деген аталыштагы көчөгө 200гө жакын жаңгактын көчөтү отургузулган.

Кооздукка бөлөнгөн бул көчөдөгү жаңгактар 1973-жылы айылда жайгашкан 54-асыл тукум жылкы заводунун ошол кездеги директору Жумасан Найзабековдун демилгеси менен отургузулган.

«Жаңгак аллеясына» учурда ал адамдын ысымы ыйгарылган. Кооздукка бөлөнүп өзгөчөлөнүп турган бул көчөнүн тургундары жаңгактарга аяр мамиле менен камкордук кылышып, кайтарып да турушат.

Күз айларында болсо жер жайнаган жангактарды бөлүштүрүшүп, жыйнап алышат. «Өзүнүн тарыхы бар «Жаңгак аллеясына» чет элдик туристтер да көп келишип, кызыгышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×