Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Баткен облусуКадамжай району 14.05.2015 11:48

Кадамжай районунун Орозбеков айыл өкмөтүндө Энелердин эл аралык күнүнө карата ыр кесе болуп өттү

Turmush -  Кадамжай районунун Орозбеков айыл өкмөтүндөбүгүн, 13-майда «Ыр кесе» аттуу темада 17-май энелердин күнүнө карата ыр кесе аземи белгиленди.

Аймактык кабарчы билдиргендей, бул жыйынга Кадамжай райондук маданият бөлүмүнүн башчысы А.Тажибаев, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

Ыр кесеге Орозбеков айыл өкмөтүндөгү 7 айылдан чүчү кулак түзүлүп, Кара-Кечүү айылында уюштурулуп, жергиликтүү таланттуу айымдары катышты.

Ыр кесенин максаты - таланттууларга көмөк көрсөтүп, мыктысын тандап алуу болуп саналат.

Бул иш-чара ай сайын ар бир айылда белгиленип, 6 айга созулмакчы. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланып, райондук жана башка чоң аймактарда болуп өтүүчү ыр кесе кечесине катышуусуна жолдомо алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×