Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Нарын облусуАк-Талаа району 14.05.2015 12:31

Ак-Талаа районунун бийлиги өкмөт тарабынан берилген насыялардын туура пайдаланылышын кароодо

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун бийлиги айрым маселелер боюнча айыл аймактарды кыдырып, жергиликтүү тургундар менен жолугушуп жаткандыгын аймактык кабарчы маалымдады.

Маалым болгондой, район акими Семетей Черикбаев баш болгон тийиштүү мекеме-ишканалардын жетекчилери, кечээ, 13-май күнүнөн тарта ар бир айыл аймактарда бажы биримдигине кирүү маселелери боюнча түшүндүрүү иштери боюнча, жазгы айдап-себүү өнөктүгүнүн жүрүшүн байкоо, банк аркылуу берилип жаткан кредиттердин туура пайдаланышын кароо, малчылардын көчүп конуу иштери, мал ылаңдарын эмдөө, сугат сууларын туура пайдаланылышы жана башка маселелер боюнча жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Мындан сырткары, ирригациялык объектилерди кыдырып, алар менен жакындан таанышып, айрым бир эл тараптан айтылган талаптарды тийиштүү мекеме-ишканаларга тапшырмалар берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×