Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Нарын облусу, Нарын 14.05.2015 13:16

Фото - Нарындын Жан-Булак айыл аймагындагы А.Жутакеев орто мектебинин окуучулары чакан эфирлүү студия ачышкан

Turmush -  Нарын районунун Жан-Булак айылындагы жалгыз Абылкасым Жутакеев атындагы орто мектебинде окуучулар «Ажарстан» маалымат студиясы менен өзгөчөлөнүп келет. Мындай маалыматты аталган орто мектептин директору Казыбек Асылбеков билдирди.

Анын маалыматында, учурда аталган орто мектепте жалпы 445 окуучу окуса, окуучуларга билим тарбия берген 45 мугалим бар. Мектеп 1929-жылы курулуп, 1967-жылы пайдаланууга берилген. Мектеп учурда райондун аймагындагы алдыңкы меткптердин катарына кирет. Мектеп 2012-2013-жылкы окуу жылында өкмөттүн түрткү берүү гранты аркылуу каржыланып эшик, терезелери алмаштырылган.

Андан тышкары, учурда 3-4 бейөкмөт уюмдары менен иш алып барат. Анда мектептин ички жана тышкы жабдуулары, окуучулар тамактана турган ашканасын жакшыртуу менен окуучуларга ысык тамак берүү, мектеп чарбасын жакшыртуу боюнча долбоорлорду жазып келишет.
«Мектепте интеграцияланган атайын 2 ийрим орун алган, анда информатика жана кыргыз тили боюнча окуучулардын билим сапатын жакшыртуу боюнча кошумча билим беришет. Андан тышкары «Ажарстан» деген маалымат студиясы иш алып барып, окуучулар тарабынан маалыматтар, чакан иш-чаралар күндө мектептин алдындагы сыналгыдан берилип турат», - деди К.Асылбеков.

Кошумчалай кетсек, К.Асылбеков райондун Оттук айылында туулуп өскөн жана бул мектепке 2014-жылы директор болуп дайындалган. Буга чейин Учкун айылындагы орто мектебинде директорлук кызматты аркалаган. 36 жашта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×