Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Нарын облусуНарын району 14.05.2015 14:23

Нарын районунун Жан-Булак айылындагы муниципалдык күнөсканада учурда жашылча-жемиштердин көчөттөрү өстүрүлүүдө (фото)

Turmush -  Нарын районунун Жан-Булак айылындагы өткөн 2014-жылы ачылган муниципалдык күнөсканада учурда жашылча-жемиштер өстүрүлүп жатат. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн жер боюнча адиси Алмазбек Абдыжапаров билдирди, деп кабарлайт аймактык кабарчы.

Анын маалыматында, күнөскана АРИС уюму тарабынан 300 миң сомго чейинки каражатка жана айыл өкмөттүн өздүк салымынын эсебинен курулган. Азыркы этапта бадыраңдын көчөтү тигилип, өткөн жылдын декабрь айында тигилген эгиндин алгачкы түшүм алып сатууга жетишкен.

Азыркы мезгилде экинчи жемиши өстүрүлүп жатат.
«Андан тышкары, дагы жемиштердин түрлөрү багылып, көчөт кылынып өстүрүлүп айыл элине сатылууда. Андан тышкары менчик 2 күнөскана бар, аны жеке ишкер Моңолбек Султанбаев иштетип келет. Айыл элинде жашылча-жемиштердин көчөттөрүнө муктаждык жок, бардыгы ушул күнөсканалардан алып тигишет», - деди А.Абдыжапаров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×