Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Нарын облусуНарын району 14.05.2015 14:57

Нарындын Жан-Булак айылындагы оорукана учурда жалпы 2170 бейтапты кабыл алып тейлеп келет (фото)

Turmush -  Нарын районунун Жан-Булак айылындагы бейтапканада учурда 2170 бейтаптын ден соолуктары текшерилип, адистердин көмөгү менен алардын саламаттыгы каралат. Бул тууралуу аталган оорукананын жаш өспүрүмдөр боюнча дарыгери Гүлай Каналиева билдирди, деп кабарлайт аймактык кабарчы.

Анын маалыматында, аталган бейтапканада орто медициналык кызматкерлер, айылдагы жалпы 2170 бейтапты кабыл алып, аларга жардам көрсөтүшөт.

Балдарга эмдөө жасашат жана кош бойлуу айымдарды кабыл алып аларды кароодон өткөрүшөт. Бейтапканада учурда 4 штаттык бирдик менен кызматкерлер иш алып барышат.

«Айылда учурда кан басымы жогору жарандар көп, андан тышкары майда оорулардын саны көп болууда. Бейтаптарга бардык кызматтарды аткарабыз, акысыз дарылар жана жеңилдетилген дарылар да бар. Бейтапкана меш менен жылытылат кышкы мезгилде тонналар көмүр түшүрүлүп берилип бейтаптарга ыңгайлуу шартта кызмат кылабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×