Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Баткен облусуКадамжай району 14.05.2015 15:41

Кадамжайда Кыргызстандын жаратылышын көздүн карагиндей сактоого арналган сынак өтүүдө (фото)

Turmush -  Кадамжай райондук Жолдошбек Мамажанов атындагы маданият сарайында бүгүн, 14-майда мектеп окуучулары жана мугалимдери арасында 2015-жыл улуттук экономиканы чыңдоо жылына карата интеллектуалдык сынак өтүүдө.

Аймактык кабарчы билдиргендей, бул сынакта район аймагынан сынактын жеңүүчүсү болуп табылган 3 орто мектеп катышууда. Атап айтсак, Б.Алкулов, С.Айни, А.Торалив атындагы мектептер катышууда.

Сынакта негизги «Мекенимдин суулары мүрөк, таштары асыл, топурагы алтын жана жаратылышы кооз» аттуу көргөзмөсү уюштурулуп, концерттик программалар, улуттук ырлар аткарылды.

Сынактын максаты - Кыргызстандын жаратылышын көздүн карагиндей сактоо болуп саналат.

Жыйынтыгнда акчалай сыйлык, бир жумалык Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо, ардак грамоталар тапшырылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×