Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ысык-Көл облусу, Каракол 14.05.2015 16:08

Каракол шаарындагы аймак таануу музейинде салтанаттуу элечек күндөрү өткөрүлүүдө (фото)

Turmush -  Каракол шаарындагы аймак таануу музейинде салтанаттуу элечек күндөрүөткөрүлүүдө, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Бул жакта ондон ашуун элечектин түрү Нарын, Ысык-Көл, Ош облустарынан жана Тажик республикасынын Мургаб райондорунан алынып келинген.

Улуттук баш кийимди жандандыруу иши жыл башында «ИРУС» коомдук фондунун «Акылга Тирек» программасы аркылуу жүзөгө ашырыла баштаган.

Мындай саамалыкты колдоого алып, көргөзмө уюштурдук, дейт Каракол шаарындагы аймак таануу музейинин директору Айымгул Карабекова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×