Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Баткен облусу 14.05.2015 17:50

Фото - Баткендеги «Катта-Туз» нефтигаз чыгуучу участок мамлекеттин менчигине өтүп, ишке кирсе Арка өрөөнү газ жана нефти менен камсыз болот

Turmush -  КР вице-премьер-министри Баткен облусунда иш сапары менен болуп кайтты, деп билдирет өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

Ал Кадамжай районунун «Достук», Баткен районунун «Кызыл-Бел» жана Лейлек районунун «Борбордук», «Кулунду» өткөрүү бекеттерин көрүп келди.

Анда Евразиялык экономикалык жана Бажы биримдигине кирүү убагындагы даярдыктарын текшерди. Бүгүнкү күндө бекеттер керектүү жабдуулар менен жабдылган.

А.Маматалиевдин айтымында, РФ тарабынан 10 млн сомдук жардам көрсөтүлгөн. Учурда штаттык бирдиктерди көбөйтүү, көзөмөлдү күчөтүү, иштеп жаткан адистердин квалификациясын жогорулатуу маселелери бар экендигин вице-премьер белгилеп кетти.

Ошондой эле, Лейлек районундагы «Кулунду», «Айкөл», «Достук» чек ара тозотторунун абалы менен таанышып келди. Бүгүнкү күндө аталган чек ара тозотторунун шарттары жогорку деңгээлде экендигин белгилеп кетти.

Мындан сырткары, вице-премьер-министр А.Маматалиев Көкташ-Аксай-Тамдык жана Рават-Аксай жолдору менен тааныты.

А.Маматалиевдин айтуусу боюнча, жогорку аталган жолдордо бүгүнкү күндө кооптуу участоктор бар. Учурда жолдорду асфальттого дагы 200 млн сом керек. Каржы маселеси чечилгенде жакынкы убактарда толук пайдаланууга берилет.

Ошондой эле, А.Маматалиев, ыйгарым укукту өкүл Ж.Разаков жана тиешелүү жетекчилер «Катта-Туз» өрөөнүндө нефтигаз чыгуучу участокту көрүп келди. Бүгүнкү күндө 13 скважина бар. Бирок учурда 2 скважина эле иштеп жатат. А.Маматалиевдин айтуусу боюнча, бул аймак жакынкы арада мамлекеттин менчигине өтөт. Учурда Өкмөттүн токтому даярдалып жатат. Келечекте толук ишке берилсе Лейлек районунун Арка өрөөнү газ жана нефти менен камсыз болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×