Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Талас облусу, Талас 14.05.2015 18:24

Таласта К.Бегалиевдин өспүрүмдөр арасындагы грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнири өтүүдө (фото)

Turmush -  Бүгүн, 14-майда Талас шаарындагы спорт залда грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону, олимпиадалык оюндардын жөңүүчүсү Канат Бегалиевдин турнири өтүп жатат.

Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстандын 27-76 килограммдык салмактагы өспүрүмдөрү катышууда. Аталган турнир 2014-жылы республикалык денгээлде болсо, быйыл эл аралык деңгээлде уюштурулду. Мелдеш эртең, 15-майда дагы уланат.

Жеңүүчүлөр үчүн кубок, акчалай сыйлык, планшет, уюлдук телефон, плазмалык сыналгы жана грамоталар даярдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×