Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Нарын облусуЖумгал району 15.05.2015 09:48

Жумгал районунан барган жаш мушкерлер Чүйдө бокс боюнча эл аралык турнирде алдыңкы орундарды жеңип кайтышты (фото)

Turmush -  Чүй облусунда үстүбүздөгү жылдын 5-8-майында Александровка айылында Советтер Союзунун баатыры Мансуза Вонахундун элесине арналган II эл аралык бокс боюнча турнирге Жумгал районунан 6 окуучу уландар барып, алардын ичинен Баш-Кууганды айылынын Ш.Садыбакасов атындагы орто мектебинен 3 окууч жеңиш алып келишти.

Алсак, 1-орунду 30 кг салмакта Нурбек уулу Бекжан ээлеп, алтын медаль жана плазмалык телевизор менен сыйланып, жана эң мыкты оюн көргөзгөңдүгү үчүн да «Эң мыкты техника» наамына ээ болду. Ушул эле орун менен 40 кг салмакта Адилхан уулу Элдияр да алтын медаль, телевизор менен сыйланып кайтты. Ал эми 32 кг салмакта 3-орунду Кайратбек уулу Култегин алды.

Бул турнир 2001-2002-жылы туулган уландар арсында өттү. Бул мушкерлердин машыктыруучусу Жекшенов Актан болгон.

Мушкерлерди мектептин жыйынында Баш-Кууганды айыл өкмөтү, Билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси жана мектеп директору куттукташып, мушкерлерге ийгилик каалашып, алган сыйлыктарын окуучулар арасында да тапшырышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×