Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Талас облусу, Талас 15.05.2015 10:48

Фото - Талас шаарында катуу шамал көп кабаттуу үйдүн чатырын учуруп, унаанын үстүнө түшкөн

Turmush -  Талас шаарында кечээ, 14-майда ылдамдыгы секундасына 20 метрге жеткен катуу шамал катталды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Анын кесепетинен №50 көп кабаттуу үйдүн бир шиферин жана анын алдындагы павильон дүкөндүн чатырын учуруп кетти. Бактыга жараша бул учурда катуу жааган жаандан улам көп кабаттуу үйдүн алдында эч ким жок болгон.

Шамалдан учкан шифер бир унаанын үстүнө түшүп, материалдык чыгымга алып келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×