Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Нарын облусуАк-Талаа району 15.05.2015 11:25

Ак-Талаада архитектура бөлүмүнүн жетекчилеринин кызмат абалын кароо жана райондук музыкалык мектептин директоруна айып пул салуу жагы каралды

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа райондук айрым мекеме-ишканалардын жетекчилерине кызмат абалын чечүү боюнча министрликтерден суроо жагы каралгандыгын аймактык кабарчы маалымдады.

Мындай билдирүү коллегия отурумунда маалым болуп, анда Кыргыз Ресупубликасынын өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы №517 «КРда иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө» токтомунун аткарылышын так аткарбагандыгы үчүн райондук билим берүү бөлүмүнүн, ошондой эле «Кыргыз Телеком» ААКнун райондук бөлүмүнүн, андан сырткары өзүнүн функционалдык милдеттерин так аткарбагандыгы үчүн КРӨ караштуу райондук архитектура бөлүмүнүн жетекчилеринин кызмат абалын кароо боюнча коллегиянын токтому бекитилсе, мындан тышкары райондук музыкалык мектептин директоруна айып пул салуу жагы каралды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×