Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуАлай району 15.05.2015 11:53

Алай районунун Жаңы-Алай айыл өкмөтүндө биринчи жолу бала бакча ачылды (фото)

Turmush -  Алай районунун Жаңы-Алай айыл өкмөтүндө буга чейин бир дагы бала бакча болгон эмес. Андыктан бул аймакта элдик жыйын өткөн сайын бала бакча негизги көйгөйлөрдүн бирине айланган, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка ылайык, айылдын жашоочуларынын бул максаттары орундалып, Алайдын акими Таалайбек Сарыбашовдун демилгеси, айыл өкмөт башчы Абдыбап Исмаиловдун аракети менен 35 орундуу «Жаңы-Алай» бала бакча мекемеси ачылды.

Бакчаны ачууда айылдын эли марафон уюштурса, демөөрчүлөр Нурлан Кудайбергенов, Бакыт Калдаровдор да бул иштин максатына жетишине өздөрүнүн чоң салымдарын кошушту.

Анын ачылыш аземине Алай районунун акими Таалайбек Сарыбашов баш болгон коллегия мүчөлөрү, аталган айыл өкмөттүн башчысы Абдыбап Исмаилов жалпы жумурай журт катышып, бакчага тартылган наристелердин концерттик программаларына ортоктош болушту.

Райондун акими жана айыл өкмөт башчы сөз сүйлөшүп, бакчага муздаткыч жана кир жуучу машинаны белекке тапшырышты. Ал эми Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Досманбет Жээнбеков балдарга арналган китептерди жана акчалай белегин берип, бакча жамаатына ийгилик каалады.

Балдар бакчасынын башчысы Шаңыяева Айгүл балдар бакчанын ачылышы аталган аймактын эли үчүн гана эмес наристелер үчүн да айтып бүткүс кубаныч болуп жатканын белгиледи. Анткени, бала бакчага барган бала менен барбаган баланын айырмасы асман менен жердей болорун айтып, типтүү бала бакча болбосо да наристелердин келечегин түптөөдө болгон аракеттерин жумшай беришерин айтып, ыраазычылык билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×