Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Талас облусуТалас району 15.05.2015 12:04

Талас районунун Кум-Арык айылынын маданият үйүнүн айланасы тосмо менен тосулуп, көрктөндүрүү иштери жүрүүдө (фото)

Turmush -  Талас районуна караштуу Бердике Баатыр айыл аймагына караштуу Кум-Арык айылынын маданият үйүнүн айланасы тосмо менен тосулуп, көрктөндүрүү иштери уланууда, деп билдиришти аталган айыл өкмөттөн.

Алардын берген маалыматына таянсак, маданият үйүнүн тегерегин курчоо үчүн Эмгек миграция жана жаштар министрлигинин Талас райондук бөлүмү тарабынан 60 миң сомго материалдар алынып, айыл өкмөтү тарабынан курчоо иштери жасалган.

Бүгүнкү күндө актап, сырдоо иштери бүтүп, жашылдандыруу үчүн тигилген көчөттөр сугарылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×