Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Талас облусу, Талас 15.05.2015 12:49

Айыл турмушу: Талас шаарында 38 жыл бирге жашаган жубайлар экөө тең ТалМУда мугалимдик кесипти аркалашат

Turmush -  Талас шаарынын тургундары, үлгүлүү үй-бүлөлөр Бейшебекова Талчыбек жана жолдошу Калманбетов Манас көп жылдан бери мугалим болуп эмгектенип келишет.

Т.Бейшебекова 1953-жылы туулса, М.Калманбетов 1950-жылы туулган. Алардын баш кошконуна быйыл 38 был болду. Талчыбек эже кыргыз тил мугалими, ал эми Манасбек агай философия мугалими болуп 1996-жылдан бери Талас мамлекеттик университетинде сабак берип, жаштарды тарбиялап келишет.

Манасбек көп жыл университеттин ректору да болуп иштеген жана 2003-жылы Ыйман сабагы (Адеп) аттуу китептин автору. Көптөгөн грамота, төш белгилери бар. Үй-бүлөсү жөнүндө сөз кыла кетсек, 2 уул, 1 кызы жана 6 небереси бар.

Үйүндө 1000 китептен турган чакан китепканасы бар. Экөө тең бир университетте сабак беришет. Талчыбек эже 4-5-курстарга, Манас агай болсо 2-курстарга билим берет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×