Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Баракелде, Бишкек 15.05.2015 13:01

Фото - Ошто «Жылдын мыкты мугалими-2015» аталган кыргыз тилчи Э.Нарымбаевага унаанын ачкычы тапшырылды

Turmush -  Кечээ, 14-майда Ош шаарында өткөн «Жылдын мыкты мугалими-2015» сынагында баш байгени №5 Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектептин кыргыз тили жана адабияты сабагынан окуткан мугалими Элвиза Нарымбаева багындырып, «Daewoo Matiz» үлгүсүндөгү автоунаага ээ болду.

Ал эми 1-орунду №50 мектептин мугалими Ханзада Маатова, 2-орунду №7 мектепте эмгектенген Элиза Рыскулова жана 3-орунду №41 мектептин окутуучусу Нигора Худоярова жеңип, муздаткыч, түстүү сыналгы, ноутбук жана башка баалуу белектерге ээ болушту. Мындан тышкары жарым финалга өткөн 8 мугалим Ардак грамоталар менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×