Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Баракелде, Бишкек 15.05.2015 13:02

Фото - Бишкек-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунда айдоочу унаасын башкара албай, теректи сүзүп, үч адам жабыркады

Turmush -  Бишкек-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 172-чакырымында жол кырсыгы катталды, деп маалымдады Turmush басылмасынын кабарчысы.

Жети-Өгүз райондук жол кайгуул кызматынан билдиришкендей, кечээ, 14-майда Шалба айылына жакын аймакта саат болжол менен 19:30да жол кырсыгы катталган. «Мазда» үлгүсүндөгү унаан аварияга кабылып, андагы үч жүргүнчү облустук бириктирилген ооруканага жеткирилген.

«Айдоочу унаасын башкара албай калып, жол четине чыгып барып, теректи сүзгөн. 4 жүргүнчүнүн ичинен үчөө ооруканага жеткирилип, учурда медиктердин көзөмөлүндө болууда. Айдоочу жабыркаган эмес», - деп билдиришти жол кайгуул кызматкерлери.

Алар кошумчалагандай, абал иликтенгенге чейин унаа айып төлөө жайында болуп турмакчы.

Унаада жаш балдар болгон эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×