Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Баракелде, Бишкек 15.05.2015 13:17

Айыл турмушу: Талас шаарынын тоолорунда узундугу 1-1,5 чакырымды түзгөн үңкүр бар (фото)

Turmush -  Талас шаарынын тоолорунан түндүктү карай 35-40 чакырым аралыкта узундугу 1-1,5 чакырымды түзгөн үңкүр бар.

Жергиликтүү тургундардын айтымдарында, ал жакта совет учурунда көмүр издешип, табышкан. Бирок, жаш тоолорго алар тийген эмес.

Үңкүрдүн бийиктиги 2 метрди түзөт, туурасы 2,5 метр. Үңкүрдүн ичинде баардык мүмкүн болгон жүктөрдү алып көчүрүү үчүн рудникалык рельстер жайгашкан.

Үңкүрдүн ар тарабынан кирүүчү 12 кире бериш жер бар. Үңкүргө кире бериши жана чыгуучу атайын жери орун алган. Кире бериши Кулан тогорок жеринен алыс эмес жерде жайгашкан болсо, чыгуусу Кең-Көл деген жерге туш болгон.

Ал жакка ат менен же болбосо жөө баруу керек, тоолор тайгалак болгондуктан кандай гана унаа болбосун өтө албашы мүмкүн.

Бул үңкүрдүн ортосунда кудук жайгашкан, андан суу алууга болот. Үңкүрдүн жанында, сыйгалак тоолордо Катырганы багы өсөт, ал жоголуп бара жаткан бак катары кызыл китепке кирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×