Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Баракелде, Бишкек 15.05.2015 13:39

Фоторепортаж - «Гүлдөр майрамы - 2015» көргөзмөсүнүн ачылышы болду

Turmush -  Ош шаарындагы Токтогул эс алуу багында бүгүн, 15-май күнү «Гүлдөр майрамы - 2015» көргөзмөсүнүн салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Ош шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча комбинатынын маалыматы боюнча, көргөзмөгө гүл өстүрүү менен алектенген ишканалар, багбанчылыкты сүйүүчүлөр, багбанчылык коомунун мүчөлөрү, жеке чарба ээлери, коомдук уюмдар, шаардагы мекеме ишканалар, шаар жетекчилигинин өкүлдөрү өздөрүнүн эмгектерин коюшту.

Көргөзмө төмөндөгү номинациялар боюнча өтүүдө:

«Гүлдөр фантазиясы» - декор элементтери менен жасалган оригиналдуу букет, композиция

- Жандуу гүлдөрдүн композициясынан түзүлгөн букет

- Кургатылган гүлдөрдүн композициясынан түзүлгөн букет

- Аз кездешүүчү бөлмө гүлдөрү жана композициялары

- Аз кездешүүчү бакча гүлдөрү

- Ишкана жана мекеменин гүл чамбарлары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×