Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 15.05.2015 13:54

Ысык-Көл РИИБи райондогу 30 мектептин 29уна көзөмөл камера жабдууларын орнотту (фото)

Turmush -  Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн демилгеси менен «Коопсуз мектеп» долбоорунун алкагында райондогу 30 мектептин ичинен 29 мектепке көзөмөл-байкоо жабдуулары орнотулган.

Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Кубан Асаналиевдин айтымында, бул жогоруда аталган ички иштер бөлүмү менен жергиликтүү бийликтин, райондук билим берүү бөлүмүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн натыйжасы.

«Биз мындан сырткары бала бакчаларга да көзөмөл жабдууларын коюуну талап кылуудабыз, азыр эки бала бакчада бар. Бардык жер көзөмөлгө алынып тургандыктан, кылмыштуулуктун алдын алууга, зордук-зомбулукка бөгөт болууга жакшы кадам», - деп билдирди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×