Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 15.05.2015 17:57

Айыл турмушу: Чолпон-Атанын тургуну А.Турсуниязова бир тууган катары тарбиялаган балдар үйүндөгү 8 балага үй куруп берип, жогорку окуу жайдан окутууда(фото)

Turmush -  Чолпон-Ата шаарынын тургуну А.Турсуниязова социалдык жактан колдоого муктаж 8 баланы бир тууган катары тарбиялап, аларга өз каражатына үй куруп берди, деп билдирет аймактык кабарчы.

«Мен Тоң районунда төрөлүп, өскөм. Мектепти аяктаган соң, ошол мезгилдин талабына ылайык, алгач заводдо иштеп, андан кийин жогорку окуу жайда окудум. Өзүмдүн сүйгөн кесибимдин ээси болуп, Кыргызстандын көп аймактарын кыдырып, партиялык жумуштарда иштеп жүрүп, убакыт деген зымырык куштун кандай өткөнүн байкабай да калдым.

Эң өкүнүчтүүсү турмуш курбай калганым болду.

Бир тууганымдын балдарын багышып, аларга камкордук көрүп жүрчүмүн, бирок, ал балдардын баары мени эже дешчү. 2002-жылы атайын сынактан өтүп, Чолпон-Ата шаарында жайгашкан балдар айылына иштөөгө кабыл алындым. Ошентип, тагдыр мени, мен зарлап күткөн балдарыма жолуктурду. Алгачкы жолугушууда эле балдарымдын эне деген сөзү, энелик мээримимди ойготту. Мен күндө кечинде жатып алып, өзүмдүн энемдин, чоң энемдин жакшы жактарын, балдарына болгон мээримин көз алдымдан өткөрүп, анан өз балдарыма ошол мамилени кайталачумун. Чын жүрөктөн чыккан энелик сезим менен тагдыры татаал күнгө туш келген 8 баланы бир тууган катары тарбиялап өзүмдү бактылуу энемин деп эсептейм. Учурда алты балам Бишкекте, экөө иштейт, төртөө студент», - дедит Атыркүл Турсуниязова.

Ал балдары үчүн өз каражатына үй куруп, балдар айылынан көчүп, учурда жаңы курган үйүндө жашап жатат.

«Балдар айылынын программасына ылайык, чоңойгон балдар, туугандарын таап же өз алдынча болуп кетүүлөрү керек, бул мени катуу түйшөлтчү. Менин өздүк дагы жайым бар, жайкы эс алуу мезгилинде 8 баламды алып, ата-энемдин үйүнө барып, кадимки кыргыз боз үйүн жасадык, ал даяр болгондо кыргыздын белгилүү инсаны Садык Шер-Нияз сатып алган. Кийин «Курманжан Датка» көркөм фильмин тартканда колдонгонун көргөн балдарым, биз жасаган боз үй деп абдан кубанышты. Мына ошол акчага үйүбүздүн пайдубалын көтөрдүк, калганына бир туугандарым жардамдашты. Эми балдарымдын өз үйү бар», - деп кошумчалады ал.

Ал короосуна жер-жемиштин түрүн өстүрүп, ар бир баласына арнап бак да отургузган. Учурда ал балдарынын ар бир ийгилигине кубанып, аларды күтүп, жашап келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×