Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
БаракелдеБаткен району, Бишкек 15.05.2015 14:38

Фото, видео - Кыргызстандык жаран өлтүрүлгөн чек арадагы куралдуу жаңжалга катышкан кичи автобус

Turmush -  Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы куралдуу жаңжал учурунда кыргызстандык жарандарга тиешелүү кичи автобустун ок тийген абалда тартылган сүрөтү Turmush басылмасынын редакциясына келип түштү.

Мурдараак маалымдалгандай, 12-майда Баткен облусунун Баткен районундагы Согмент калктуу пунктундагы Какыр жергесине караган такталбаган чек ара тилкесинде ок атылып, бир кыргызстандык жаран каза болуп, экинчи кыргыз жаранын өзбекстандык чек арачылар кармап кеткен.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын 3 жараны «Мерседес-Бенц Гигант» үлгүсүндөгү 3 жүк ташуучу унаа менен алып келе жаткан жашылча-жемиштерди Өзбекстандан Кыргызстандын аймагына өткөрмө пунктунан тышкары аймак менен алып өтүүгө аракет кылган.

Өзбекстан тараптын маалыматына ылайык, Кыргызстандын жарандары өзбекстандык чек арачылардын талабына баш ийбей, андан улам өзбек чек арачылары ок чыгарган.

Ок тийген Кыргызстандын жараны жарадар болуп, Өзбекстандагы Сох районунун аймактык ооруканасында каза болду. Ал эми экинчи кыргыз жараны өзбекстандык чек арачылар тарабынан колго түшүрүлүп, үчүнчү кыргыз жараны окуя болгон жерден Кыргызстандын аймагына өтүп кетүүгө жетишкен.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, бул жаңжалдын абалын иликтөө максатында Кыргызстандын Баткен аймагы боюнча чек ара өкүлдөрү менен Өзбекстандын Сох аймагы боюнча чек арачылары 12-майда Сох (Өзбекстан) анклавынын аймагында жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө өзбек тарап чек арада атылган октон Кыргызстандын Баткен облусундагы Баткен районунун 22 жаштагы тургуну М.М. уулу каза болгонун, экинчи кыргызстандык жаран – 24 жаштагы М.Ш. уулу өзбекстандык чек арачылар тарабынан колго түшүрүлүп, чек ара бөлүгүндө экендигин тастыктады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын кармалган жараны менен каза болгон жарандын денеси Кыргызстанга өткөрүлүп берилди.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, учурда эки өлкөнүн тиешелүү органдары аталган жаңжалдын абалын аныктоо иштерин жүргүзүп жатат.

Видео:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×