Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Талас облусу, Талас 15.05.2015 14:57

Таластагы машыгуунун жүрүшүндө китепканасынан өрт чыккан мектептин имаратында калган окуучулар чыгарылып, сактануу жолдору үйрөтүлдү (фото)

Turmush -  Таластагы Манас районунда жайгашкан М.Рахманбердиев атындагы орто мектебинде өрттү алдын алууга арналган тактикалык машыгуулар өткөрүлдү.

Кечээ, 14-майда өткөн машыгуу учурунда 503 окуучу билим алган мектепте өрт чыккан маал окуу процессинин экинчи этабына туш болду. Мектепте 222 окуучу окуп жаткан. Кабарлоо коңгуроосу кагылары менен мугалимдердин жана мектепте түзүлгөн атайын жардамчы топтордун күчү менен окуучулар мектептен чыгарылып, коопсуз жайга жайгаштырылды.

Бул учурда райондук өрткө каршы кызматынын өрт өчүрүүчү унаалары жетип келип, мектептин иамартында калган окуучуларды чыгарып, китепканадан чыккан өрттү өчүрүштү. Ал эми райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун тез жардам унаасы жаракат алган окуучуларга биринчи медициналык жардам көрсөтүштү.

«Мектепте буга чейин мындай машыгуу болгон эмес, биз теория жүзүндө эле балдарга үйрөткөнбүз. Эми балдар кырсык катталган учурда мектептен чыгуу жолдорун жакшы билип калышты», - деди мектептин директору Нургүл Асанова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×