Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ысык-Көл облусу, Каракол 15.05.2015 15:25

Караколдо Жарандык коргоонун башкаруу органдары менен командалык-штабдык машыгуусу болду (фото)

Turmush -  Каракол шаарында Жарандык коргоонун башкаруу органдары менен командалык-штабдык машыгуусу болду. Бул тууралуу Каракол шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Алмаз Исаев маалымдады, деп билдирет аймактык кабарчы.

Анын маалыматында, кечээ, 14-майда Каракол шаарынын «Тазалык» муниципалдык ишканасында Ысык-Көл облусунун 2015-жылына каралган даярдык планына ылайык, 2015-жылдын 13-15-майында КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү — облустун Жарандык коргонуу башчысынын жетекчилиги астында Каракол шаарынын Жарандык коргонуунун башкаруу органдары менен «Ар түрдүү мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар болуу коркунучунда жана болуусунда Каракол шаардык Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын жана күчтөрүнүн иш алып баруусу» деп аталган темада командалык штабдык машыгуусу болду.

Бул машыгууга Каракол шаарынын мэри, жарандык коргонуунун башчысы Рыскул Калыгулов катышып, Жарандык коргонуу күчтөрүнүн даярдыгы менен таанышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×