Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Чүй облусуЖайыл району 15.05.2015 15:46

Жайылдын Сосновка айылында катуу жаандан улам 50 турак үйдү суу каптап кетүү коркунучу жаралган (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Жайыл районунун Сосновка айылындагы 50 турак үйдү жана айылдык мүрзөнү суу каптап кетүү коркунучу ушул жылдын 9-майында жааган жаандын кесепетинен болгон. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

КР ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Жамбула Жумагулованын айтымында, турак үйлөрдү каптоо болгон эмес, себеби буга чейин КР ӨКМ каражаттары жана күчтөрү менен «Таш-Арык» каналын тазалоо иштери жүргүзүлгөн.

«2013-жылы Сосновка айылынын түштүк бөлүгүндө жайгашкан узундугу 1,5 чакырымды түзгөн «Таш-Арык» каналын тазалоо боюнча иштер жүргүзүлгөн. Муну менен коргоочу иштерин жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча 50 турак үйдүн коопсуздугун камсыздай алдык», - деп билдирди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×