Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
БаракелдеНарын району, Бишкек 15.05.2015 16:02

Фото - Нарындык ардагер А.Усубалиев Москвада өткөн Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган парадга катышып келди

Turmush -  Москва шаарында Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган парад жогорку деңгээлде өттү. Мындай билдирүүнү бүгүн, 15-майда Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Нарын районунун Кеңеш айылынын тургуну Асек Усубалиев Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов менен жолугушууда билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Анда А.Усубалиев Москвада болгон 4 күндүк сапарда жогорку деңгээлде барып келгенин айтып, жалгыз кыргыздар улуттук кийим кийип барганын билдирди.

«Москвага 13 адам бардык. Бирок, анын беши гана Жеңиш парадын көрүштү. Калгандары өз иштери менен барыптыр. Ал эми башка жактан келген согуштун катышуучулары ар кандай түрдө кийимчен келишсе, Кыргызстандан баргандардын бардыгы окшош кийим кийишип, баштарына ак калпай кийишти.
Мен кементай кие баргам. Ага орустар абдан кызыгып, «мага сат» дешти. Бирок, саткан жокмун», - деп билдирди А.Усубалиев.

Ошондой эле, Усубалив Москвага барган сапарында москвалыктар жакшы тосуп алганын жана кадам сайын куттуктап, ар ким гүл берип жатканын айтып, мындан сырткары, атасы да согушка барып кайтпай калганын эскерди.

Ал эми өкмөт өкүлү А.Кайыпов 3 миң сом акчалай сыйлык берсе, ЖКнын депутаттары Ч.Турсунбеков жана Б.Шаршеевдердин атынан 5 миң сомдон акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Андан тышкары, Нарын шаардык кеңешинин атынан 5 миң сом өлчөмүндө сыйлык тапшырылды. Куттукттоо аземи Кеңеш айылынын Казалы Абиров атындагы орто мектебинде өтүп, мектеп окуучулары даярдалган чакан концерттик программанын коштоосунда өттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×