Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Талас облусуТалас району 15.05.2015 16:29

Таласта бүтүрүүчү класстын окуучулары кесип тандоо астында ар кыл кызматтын өкүлдөрү менен жолугушууда (фото)

Turmush -  КР Билим берүү министрлигинин көрсөтмөсүнө ылайык, Талас облусундагы орто мектептерде бүтүрүүчү класстардын окуучулары менен ар кыл кесиптин мыкты адистери менен жолугушуулар өткөрүлүүдө.

Маалыматка ылайык, Талас районундагы Ш.Шеркулов атындагы орто мектепте «Түндүк Электр» ААКнын Таластагы филиалынын директору А.Дүйшекеев электр тармактарындагы эмгек, анын күнгөй-тескейи туурасында маалымат берсе, Талас облустук телерадиокомпаниясынын башкы директору Э.Умөтов журналисттик кесипти аркалоого кызыккан жаштарга аталган кесип туурасында кызыктуу маек куруп берди.

Белгилей кетсек, бул өңдүү жолугушуулар ар бир орто мектептерде жүргүзүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×