Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ысык-Көл облусу, Каракол 15.05.2015 16:41

Каракол шаарында 12 чакырымдагы жаңы канализациялык түйүндүн курулушу жүрүп жатат (фото)

Turmush -  

Ысык-Көлдөгү Каракол шаарында 12 чакырымдагы жаңы канализациялык түйүндүн курулушу башталды.

Бул канализациянын курулушу «Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү фондунун» эсебинен жүрүүдө. Учурда 900 метр аралыктагы жаңы түтүктөр орнотулуп бүттү.

Курулуш боюнча өткөрүлгөн тендерди утуп чыккан «Людвиг Пфайфер Хотч» компаниясы иш процессин толугу менен көзөмөлгө алат. Ал эми «Профит-Экспресс» компаниясы көтөрмөчү болуп эсептелет.

Курулуш иштерди кыска убакыттын ичинде бүтүрүү пландалууда.

 


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×