Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ысык-Көл облусу, Каракол 15.05.2015 16:49

Фото - Кызыл китепке кирген өсүмдүктөр, жаныбарлар бар «Каракол» жаратылыш багы студенттер тарабынан тазаланды

Turmush -  Бүгүн, 15-май күнү Ак-Суу районуна караштуу «Каракол» жаратылыш багында И.Бийбосунов атындагы педагогикалык колледждин студенттери, мугалимдери тазалоо иштерин жүрүгүштү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Анда студенттер «Каракол» жаратылыш багындагы таштандылаарды тазалашты. «Биз жылда келип тазалайбыз. Анткени, бул келечектин багы. Ал таза болушун каалайбыз. Бирок өкүнүчтүүсү жылда тазалап кетсек эле жылда кайра таштандыларды ыргытып кетишкендигинде», - дешет студенттер.

Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын өзгөчө коргоолучу жаратылыш аймактарынын Борбордук Азиядагы өзгөчө корголуучу аймактар боюнча координатору Назгүл Турдуматованын айтымында, иш-чара аталган жаратылыш багы менен биргеликте «Сейилбактар маршы-2015» акциясынын алкагында өтүүдө.

Тазалоо иштерин бүткөндөн кийин студенттер ар кандай сынактарды өткөрүп, оюндарды ойношту.

Айта кетсек, жаратылыш багында кызыл китепке кирген өсүмдүктөр, жаныбарлар бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×