Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Баракелде, Бишкек 15.05.2015 18:17

Фото — Кара-Көл шаарында «Мыкты кайнене-келин» сынагы өткөрүлдү

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында бүгүн, 15-майда «Мыкты кайнене-келин» сынагы өткөрүлдү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка ылайык, сынактын катышуучуларын шаардын мэри М.Койчиев келе жаткан энелердин майрамы менен куттуктады. Аялдар кеңешинин төрайымы Бактыгүл Маматаева ооруктун эмгекчил энелери жана эң жаш жана эң кары баатыр энелерге баалуу белектерди тапшырды.

Бул сынакка шаардагы баатыр энелер келиндери менен катышышты. Алар: Шамурзаева Гүльсара, келини Жылдыз, Калпакова Акбар келини Аида, Кочкорова Гуляй келини Гульзада, Молдобаева Айсатхан келини Уулжан, Жантаева Гульбаркан келини Канчаимдер катышып, 5 сынактык тапшырмаларга даярданышкан.

Шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын орун басары Тахмина Сабырбекованын айтуусу боюнча, жергиликтүү бюджеттен энелер күнүнө карата атайын каражат бөлүнгөн.

«17-май энелер күнүнө карата шаардагы 140 энеге 1300 сомдон акчалай сыйлыктар берилүүдө. Анын ичинен 130 баатыр эне, эң жаш баатыр эне жана эң улуу батыр энеге дагы атайын сыйлыктар берилет. 90 жаштан 100 жашка чейинки баатыр энелердин саны 9ду түзөт, калганы ар кандай куракта», - деп билдирди ал.

Бул сыйлыктарды шаардын социалдык өнүгүү башкармалыгы уюштурууда.

«Мыкты кайнене-келин» сынагында 5 тапшырма жалаң кыргыздын каада-салтынын негизинде бийлер аткарылып, улуттук тамактар коюлуп, баланы бешикке бөлөө салты көрсөтүлүп, бешик ырлары аткарылды, ошондой эле, кол өнөрчүлүкө дагы көңүл бурулат.

«Кайнене келин» сынагынын жеңүүчүсү Г.Кочкорова келини Гулзада жана Г.Жантаева жана келини Канчаимдер аталып, грамота, диплом жана 2500 сом акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Мындан тышкары, сынактын алкагында Кара-Көл шаардык «Энергетик» маданият үйүндө Кара-Көл шаардык аялдар кеңеши Энелер күнүнө карата атайын ууз -чебер энелердин кол өнөрчүлүгүнө арналган көргөзмө өткөрүлдү. Көргөзмөнүн жеңүүчүсү Чокоева Токтакан акчалай сыйлык, диплом, грамота менен сыйланышты.

«Кайнене келин» сынагын сахнага даярдап алып чыгууда Кара-Көл шаардык маданият үйүнүн кызматкерлери көмөк көрсөтүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×