Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Баткен облусуБаткен району 15.05.2015 17:49

Фото - Баткенде «Арак арты өкүнүч» акциясынын катышуучулары дүйкөнчүлөрдөн мындан ары арак сатпайбыз, деген убадаларын алышты

Turmush -  Баткен районунун Кара-Булак айылында бүгүн, 15-майда мектеп окуучулары Баткен райондук ички иштер башкармалыгынын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы менен биргеликте «Арак арты өкүнүч» аттуу акциясын өткөрүштү.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, мектеп окуучулары «Ичпечи ата», «Арак ичкендер оңбосун», «Ичкилик арты өкүнүч» деген лозунг көтөрүшүп, көчө айланып кыйкырып, жөө жүрүш жасашты.

Ошондой эле, айылдагы дүкөндөргө келишип, айыл аксакалдары жана жергиликтүү тургундар чогулушуп, айыддагы арак саткан дүкөнчүлөргө наалат айтышып, «мындан ары арак сатпайбыз» деген сөздөрүн алышты.

Бул акцияны өткөрүүнүн максаты - аталган айылда арак ичкендер көп болгондуктан, анын айынан бүгүнкү күнгө чейин 68 адам каза болгон.

Жакында эле 11-май күнү арак ичип отурушуп аталган айыл тургундары арасында өз ара пикир келишпестиктен бир адам каза болгон.

Тема боюнча: Баткен районунун Кара-Бак айылында мас абалындагы жаран таш менен айылдашын башка чаап, өлтүрдү деп шектелүүдө (фото)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×