Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Жалал-Абад облусуТоктогул району 16.05.2015 09:43

Токтогулдагы Бишкек—Ош жолунан өткөн жүздөгөн малдар унаалардын өтүүcүнө бир катар ыңгайсыздыктарды жаратууда, - айдоочулар (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун аймагындагы Бишкек—Ош унаа жолуна топтолгон малдар унаалардын өтүүcүнө бир катар ыңгайсыздыктарды жаратат.

Айдоочулардын айтымында, бул унаа жолдо күндүз мал-жандыктарды көп айдап өтүшөт жана андан улам көп сандаган унаалар чогулуп калат.

«Малдарды атчан чабандар айдап өтүшөт жана аларга иттери жардам берет. Унаалар менен кошо жарышып унаа жолдон өткөн малдардын саны 300-500кө чейин жетет. Мал-жандыктар келе жатканда алардын жолду бошотушун күтүп гана турушуң керек», - деди айдоочу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×