Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 16.05.2015 10:13

Ала-Букадагы республикалык жаштар форумунун алкагында инновациялык сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда өткөн «Жаштар-туура кадам, таза максат үчүн» аталышындагы республикалык жаштар форумунун алкагында жаштардын инновациялык жана кол өнөрчүлөрдүн турмуш-тиричиликке пайдалуу буюмдарынын арасында сынак өттү.

Жыйынтыгында баш байгедеги ноутбукту Ала-Бука районундагы балдардын искусство мектебинин жамааты алды.

1-орунду Кочкор-Ата шаары, 2-орунду Жалал-Абад шаарынан келген Айпери Бабаева ээлесе, 3-орунду Аксы районунан келген 7-класстын окуучусу Усуп Жолонов ээледи.

Баш байгеге ноутбук берилсе калган жеңүүчүлөр фотоаппарат, телефон менен сыйланды. Ошондой эле бардык катышуучуларга баалуу белектер берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×