Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 16.05.2015 10:23

Жети-Өгүздө 20дан ашык ар кандай техника, токардык цех жергиликтүүлөргө кызмат кылууда (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айыл аймагында калктын муктаждыктарын чечүү жаатында алгылыктуу иштер жүзөгө ашырылып жатат. Мисалга, айыл-чарбасын өнүктүрүп, дыйкан-фермерлерге жардам көрсөтүү максатында «Барс-s» муниципалдык ишканасы иш жүргүзүп келет.

Ишкананын инженери Талгат Мадамбековдун айтымында, бул жакта 20дан ашык ар кандай техника, токардык цех элге кызмат кылат.

Ал эми, айыл өкмөт башчысы Руслан Эшмамбетов айылдагы менчиктешип кеткен 20 гектар жер аянты кайрадан айыл аймагынын карамагына өткөрүлүп, «Кара-Бак» деген ат берилгенин билдирди. Анын айтымында, ал жерге 5 миң түп көчөт олтургузулуп, дан эгиндери себилди.

Жаштарды спортко тартуу максатында атайын долбоор аркылуу 3 млн сомдон ашык каражатка заманбап кичи футбол аянтчасы курулду.

Барскоон айыл аймагына жыл башынан бери көптөгөн инвестиция тартылып, элет турмушун жакшыртууга карата алгылыктуу иштер жасалып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×