При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июль
68.46    79.79    1.14    KZT 0.21

Оштогу эстакадалык көпүрөнүн курулушуна байланыштуу Кара-Суу жана Тилеке баатыр көчөлөрү жабылды (фото)

Turmush -  Ош шаарындагы эстакадалык көпүрөнүн курулушу жүрүп жатканына жана эски автобекеттин көчкөндүгүнө байланыштуу Кара-Суу көчөсү менен Тилеке баатыр көчөсү Монуев көчөсү менен кесилишкен жеринен тосулду. Ош шаардык милиция кабарлагандай, Кара-Суу, Тилеке баатыр көчөлөрү күнү-түнү милициянын көзөмөлүндө болот.

Учурда милиция кызматкерлери жүргүнчүлөрдү ташыган унааларды гана өткөрүп жатышат.

«Көпүрөнүн курулушу күнү-түнү жүрүп жатат. Элдердин коопсуздугун сактоо максатында курулуп жаткан көпүрөгө бара турган эки көчөнү жаптык. Анткени курулуш материалдары түшүп кетиши мүмкүн жана ар кандай кокустуктардын алдын алуу керек.

Ошондой эле башка аймакка көчүрүлгөн эски автобекет да ушул жерде жайгашкан. Эски автобекетке барган айдоочуларды да жаңы автобекетке кетирип жатабыз», - деди Ош ШИИБдин басма сөз кызматкери Кубанычбек Камчыбеков.

Мурдараак маалымдалгандай, эски автобекет Манас-Ата кичи районундагы жаңы авто бекетке көчүрүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3831
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу