Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-май
Ош облусу, Ош 15.09.2015 14:58

Ош шаарындагы балдарды мектепке даярдоого багытталган программа 330 миң сомдон ашык каражатка окуу куралдары менен камсыздалды

Turmush -  Ош шаарына балдарды мектепке даярдоого багытталган «Наристе» программасы үчүн окутууга керектүү болгон көрсөтмө куралдар жана китептер жеткирилди, деп билдирет шаардык билим берүү башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, тарбиялануучулар үчүн алынган окуу куралдары жалпысынан 266 миң 106 сомго жетип, мугалимдерге арналган китептер менен окуу куралдары 72 миң 538 сомду түздү.

«Программа бир жылдык окуутууга негизделип, ал учурда балдарды мектепке чейинки сапаттуу билим алышына шарт түзүп, бардык балдар үчүн мектепке барууга бирдей баштапкы мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылат», - деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, «Наристе» программасы КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин демилгеси менен «Билим берүү – жалпыга» программасынын алкагында ишке ашып жатат. Программанын негизги максаты – мектепке чейинки билим берүү тармактарына аралашпай калган балдардалынды
ы мектепке даярдоону камсыз кылуу болуп саналат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×