Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусуКара-Суу району 16.09.2015 12:02

Кара-Суудагы 85 гектар жер тилкеси көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бөлүнөт

Turmush -  Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүндө октябрь айынан баштап турак жайы жок жарандарга жер тилкеси бөлүнөт. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысы Жамшит Матанбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, айыл өкмөт боюнча 3,5 миңден ашуун үй-бүлөнүн турак жайы жок.

«Ушул жылдын январь айында 3250 турак жайы жок үй-бүлө каттоодон өткөн. Жыл башынан бери каттоодон өткөндөрдүн саны дагы көбөйдү. Учурда 3,5 миңден ашуун үй-бүлөнүн турак жайы жок. Ошондуктан айыл өкмөттөгү 85 гектар жер трансформацияланды.

Тиешелүү токтом чыккандан кийин, болжол менен октябрь айында жер берүү башталат. 85 гектар жер 3,5 миң адамга жетпейт. Ар бир айылда комиссия түзүлгөн. Комиссиялар тарабынан кезекке турган үй-бүлөлөрдүн документтери, жашоо шарты текшерилип чыгат. Анын жыйынтыгы менен көп балалуу жана турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө жер берилет», - деди Ж.Матанбаев.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×