Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусуАлай району 16.09.2015 12:04

Алай районундагы шайлоочулардын 67%ы биометриялык маалыматтарын текшерип чыкты

Turmush -  Ош облусунун Алай районунда «Өзүңдү, өзүң текшер»  акциясынын алкагында калктын 67%ы текшерүүдөн өттү. Бул тууралуу райондук администрациянын аппарат жетекчиси Нурбек Аданбай уулу аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, учурда шайлоочулардын тизмеси тактоо улантылууда.

«Биздин райондо жалпысынан 25 миң 286 шайлоочу текшерүүдөн өттү. Учурда райондун 2 аймагында биометриялык маалыматтар топтолуп жатат.

Бири Гүлчө айылында, ал эми көчмө пункт ар бир айыл өкмөттү кыдырып чыгат. Азырынча биометриялык маалыматтар табылбай калган учур жок», - деди Н.Аданбай уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×