Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ош облусу, Ош 16.09.2015 15:22

24 жылдан бери талашка түшүп келген Алмалык айылы толугу менен Ош шаарынын карамагына өткөрүлдү

Turmush -  Ош облусундагы Алмалык айылы эми толугу менен Ош шаарынын карамагына өткөрүлүп берилет. Бул тууралуу Ош шаарынын вице-мэри Ж.Ормонов аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, 24 жылдан бери Алмалык айылы Ноокат району менен Ош шаарынын ортосундагы талашка түшкөн аймак болуп келген. Бул маселени чечүү үчүн Ош облусунун губернатору, Ноокат районунун акими жана Ош шаарынын мэриясы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жыйынтыгында аталган аймак мэриянын карамагына өткөрүлүп берилди.

«Эми жер көчкү коркунучунан улам көчүрүлгөн 10 үй-бүлөгө мыйзамдуу турак жай курууга болот», - деди Ж.Ормонов.

Алмалык айылында 162 түтүн бар. Бирок алардын эч кимисинин биринде да турак үйү тууралуу кызыл китеби жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×