Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ош облусуКара-Суу району 16.09.2015 15:50

Кара-Суудагы Папан суу сактагычына балыктын 300 миң чабагы ташталды

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн районундагы Өзгөн мамлекеттик балык чарбасынан балыктын 300 миң чабагы Кара-Суу районундагы Папан суу сактагычына кое берилди. Бул тууралуу аталган балык чарбанын башчысы Закир  Козубеков Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, балыктардын санын көбөйтүү максатында Папан суу сактагычына балык ташталган.

«Биз быйыл алгачкы жолу  Папан суу сактагычына балыктын 3 түрүнөн 2,5 айлык балыктын чабактарын таштадык. Максатыбыз балыктын санын көбөйтүү. Бардык чыгымдарды өзүбүз каржыладык», - деди З.Козубеков.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×