Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-май
Ош облусуКара-Суу району 17.09.2015 09:27

Кара-Суунун Жаңы-Арык айылындагы 1-класстын окуучусун унаа сүзүп өлтүргөн жолго видео байкагычтар орнотулат

Turmush -  Оштогу Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылындагы Кулбаев мектебинин жанына жол коопсуздугун сактоо үчүн видео көзөмөл орнотулат. Бул тууралуу Кара-Суу районунун акими Тилекбек Матраимов Turmush басылмасына билдирди. Мындай демилге жол кырсыктарын алдын алуу максатын көздөйт, деди ал.

«Жолго атайын видео байкагычтар коюлуп, Өзгөн жана Ош тараптан келген унааларды көзөмөлдөө үчүн 4 жол кайгуулчу иштейт. Видео байкагычтарды орнотуу иштери жакынкы күндөрү башталат», - деди Т.Матраимов.

Мурдараак маалымдалгандай, 8-сентябрда мектепке бара жаткан 1-класстын окуучусун унаа сүзүп каза болгондон кийин жергиликтүүлөр Ош—Бишкек жолун тосуп чыгышкан. Жергиликтүүлөр унаа транспорт кырсыгы көп катталып жаткан унаа жолго видео байкагычтарды жана атайын жол белгилерди орнотууну талап кылууда.

Кара-Сууда жүрүп бараткан унаа 1-класстын окуучусун сүзүп өлтүргөн аймак (фото)

2

1

3

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×