Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ош облусуЧоң-Алай району 17.09.2015 10:55

Чоң-Алайда 7,6 миң шайлоочунун катышуусу менен «Өзүңдү тизмеден текшер» акциясы жыйынтыкталды

Turmush -  Ош облусунун Чоң-Алай районунда шайлоого карата өткөрүлүп жаткан «Өзүңдү тизмеден текшер» акциясы жыйынтыкталды. Райадминистрациянын аппарат жетекчиси Сайпидин Низамов билдиргендей, райондо 17 шайлоо комиссиясы шайлоочулардын добушун чогултат.

«Акциянын алкагында 7 миң 693 шайлоочу текшерүүдөн өттү. Фамилиясы же биометриялык коддорунан туура эмес болуп калган учурларда кайра тактап, текшерүүдөн өткөрдүк. Кечээ, 16-сентябрь күнү бул акция жыйынтыкталды. Учурда район боюнча 17 шайлоо участкасы түзүлүп, шайлоочулардын саны такталууда. Ички мигрант болуп жүргөн жарандардын да биометриялык каттоодон өткөндүгү такталууда. Алар кайсы жерде болсо дагы арыз жазуу менен шайлоого катыша алат», - деди С.Низамов

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×