Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАлай району 17.09.2015 14:06

Алайдын эң алыскы айыл өкмөтү интернет менен камсыздалат

Turmush -  Алай районунун Сары-Моңол айыл өкмөтүндөгү 60 мекемеге интернет байланышы уланууда. Алар 20-сентябрда интернет менен толук камсыздалат, деп билдирди айыл өкмөттүн башчысы Аттокур Курмушуев аймактык кабарчыга.

«Жергиликтүү бюджеттен 200 миң сом, ал эми 150 миң сом «Кыргыз телеком» тарабынан каржыланууда. Учурда интернет зымдары тартылып жатат. Жалпысынан 60 мекеме интернет менен камсыз болот», - деди А.Курмушуев.

Аталган айыл өкмөт райондун алыскы айыл аймактарынын катарына кирет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×