Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусуНоокат району 17.09.2015 14:47

Ноокаттагы аялдар кеңешинин мүчөлөрү мамлекеттен эмгек акы төлөп берүүнү суранууда

Turmush -  Аймактардагы аялдар кеңешинде эмгектенген кыз-келиндер мамлекет тараптан эмгек акы төлөп берүүнү суранууда. Бул тууралуу Ноокат райондук аялдар кеңешинин төрайымы Бактыгүл Калдарова аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, райондун аймагында 17 айыл өкмөт бар жана ал жерлерде ай сайын аялдар кеңеши тарабынан семинарлар өткөрүлөт. Ар бир айыл өкмөттө аялдар кеңешинин төрайымы иштеп, алар мамлекет тарабынан маяна албастан кызмат кылып келишет.

«Окутууларда айыл өкмөттөгү аялдардын мыкты аткарган иштерин көрсөтүп, аялдарды тажрыйба алмаштырабыз. Мындан тышкары зордук-зомбулукка каршы күрөшүү, аялдардын укугун коргоо маселелерин карап келебиз. Аялдар кеңеши коомдук иштерди аткарганы менен мамлекет тараптан эмгек акы төлөнбөйт», - деди Б.Калдарова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×