Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусуНоокат району 17.09.2015 15:49

Ноокаттын Көк-Бел айылындагы мектептин курулушу каражаттын жоктугуна байланыштуу токтотулду

Turmush -  Ноокат районунун Көк-Бел айыл аймагына 225 орундуу мектептин курулуш иштери 30% аткарылгандан кийин токтоп калды. Бул тууралуу Көк-Бел айыл аймагынын башчысы Медетбек Ташбаев билдирди. Анын айтымында, жаңы  имарат 1972-жылдары курулган Н.Исанов орто мектебинин эскилиги жеткендигине байланыштуу курула баштаган.

Курулуштун жалпы сметалык баасы 27 млн сомду түзүп, курулуш иштери 30% аткарылгандан кийин токтоп калды. Ага мамлекет тарабынан быйылкы жылы акча каражаты бөлүнбөй калгандыгы себеп болду, деди ал.

Исанов орто мектебинде 371 мектеп окуучусу билим алууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×